Воскресенье, 24 ноября

Казакстан ЕЭКтин өкүлдөрүн чек арадан киргизбей койду

0

Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) мониторинг тобун Казакстан өзүнүн чек арасына өткөрбөй койду. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

«Биз кечээ кыргыз тараптын дооматын уктук. Баарын талдап көрүп, Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү жана айдоочулар менен да сүйлөштүк. Азыр айыл чарба продукцияларынын бышкан сезону болгондуктан КР экономикасына терс таасирин тийгизип жатканын айтышты. Андан соң казак тараптын да маалыматтарын угалы десек, бизди өткөргөн жок. Биз жолго чыгардан мурун ЕАЭБдеги беш мамлекетке маалымат берип, саат 11:00дө чечим чыгып, ал Кыргызстан менен Казакстанга саат 12:00дө жеткен. Бирок Казакстандын Чек ара кызматынын өкүлү «ал буйрукту алган жокпуз, «Ак-Тилек» автотранспорттук пост, жөө адамдар өткөнгө болбойт» деп койду. Бул биз үчүн таң калычтуу болду. Казакстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондон кийин биздин жумушчу топту өткөрүп, өздөрүнүн дагы маалыматын бериши керек эле», — деди Кожошев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз