Даниянын өкмөтү диний китептерди, анын ичинде Куранды, Библияны жана башкаларды өрттөөгө тыюу салган мыйзамды сунуштоону көздөп жатат. Ага ылайык, диний китептерди өрттөгөндөргө кылмыш иши козголуп, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Бул тууралуу 25-августта юстиция министри Петер Хуммельгорд билдирди. Ал Куранды өрттөө акцияларын «чет жакта жана өлкө ичинде даниялыктардын коопсуздугуна коркунуч келтирген мазактоо актысы» деп атады.
Учурда коңшу Швециянын бийлиги да ушуга окшош чара киргизүүнү караштырып жатат.