Орусиянын Тергөө комитети Тверь облусунда жеке учактын кыйрашынан каза болгондордун арасында «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин бар экенин тастыктады.
Орусиянын Тергөө комитетинин билдирүүсүндө, Тверь облусунда кулаган жеке учакта каза болгондордун өздүгүн аныктоо үчүн молекулярдык-генетикалык тесттердин аяктаганы белгиленди.
Каза болгон 10 кишинин өздүгү аныкталганына көңүл бурулган билдирүүдө, жыйынтыктардын учакта каза болгондор орун алган 23-августта жарыяланган тизме менен бирдей экени кабарланды.
Орусиянын аба транспорту федералдык агенттигинин (Росавиация) 23-августтагы билдирүүсүндө, Тверде ичинде Пригожин да болгон жеке учактын кыйрашынан 10 кишинин каза тапканы маалымдалган болчу.
Учактагы жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Пригожин менен бирге жардамчысы, Вагнердин негиздөөчүлөрүнүн бири Дмитрий Уткин жана Сергей Пропустин, Евгений Макарян, Александр Тотмин, Валерий Чекалов, Николай Матусеев болгон.
Кырсыктан Алексей Левшин, Рустам Каримов жана Кристина Распоповадан турган 3 кишилик экипаждын да каза тапканы айтылган.