Пятница, 10 мая

Муфтият балдарга бекер мектеп формасы таратты

0

Өзгөндө аз камсыз болгон 100 балага мектеп формасы жана окуу куралдары таратылды. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Өзгөн хатибиятынын демилгеси, “Жакшылык үчүн биримдик” фондунун колдоосу менен уюштурулду.

Райондун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Акжол ажы Бакиров саамалыкка демөөрчү болгон фондго ыраазылык билдирди.

“Илим алуу – улуу сооп, ал эми ушундай улуу иштерге көмөктөшкөн кишиге да ошончо, балким андан да көп жакшылыктар берилет. Жараткан эч бир жакшылыкты жоопсуз калтырбайт. Анын катарында муктаждарга жардам берген, алардын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулаган кишиге Кудай Таала эсепсиз соопторду убада кылган”, — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз