Суббота, 27 апреля

Азербайжан Карабахта жашаган армяндарга азык-түлүк жөнөттү

0

Азербайжандын Кызыл жарым ай коому, Карабахта жашаган армяндарга 40 тоннадан ашык азык-түлүк жардамын жөнөттү.

Ханкенди жана ага жакын аймактарда жашаган армяндарга жеткирилиши үчүн 40 тонна ун жүктөлгөн эки фура борбор шаар Бакудан жолго чыкты.

Азербайжандын Кызыл жарым ай коомунун төрагасы Новруз Аслан, жүк ташуучу унаалардын Агдам-Ханкенди багытын колдоно турганын айтты.

Аслан гуманитардык кадам таштагандарын, бул кадамдын эл аралык коомчулук жана Ханкендидеги армяндар тарабынан жылуу кабыл алынаарына ишеничин белгиледи.

Саясий процесстерден алыс бейөкмөт уюм экендиктерин билдирген Аслан, керек болсо Карабахтагы армяндарга жардам берүүнү уланта тургандарын маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз