Ошто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду милиция кармап кетти. Бул маалыматты Өмүрбек Бакиров өзү ырастады. Ал акыркы жолу аны облустук милицияга алып баратышканын айткан. Анын эмне себептен кармалганы белгисиз. Ал өзү да кармалган себеби тууралуу маалыматы жок экенин айтууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.