Четверг, 2 мая

Путин Пригожин менен коштошуу зыйнатына катышабы? Песков жооп берди

0

Орусиянын президенти Владимир Путин, Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышпайт.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, жеке учактын кулашынын натыйжасында каза болгону билдирилген Пригожиндин жаназа зыйнатына байланыштуу борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

Жаназа зыйнаты тууралуу маалыматы жок экенин белгилеген Песков: «Бул темадагы чечимдер үй-бүлө жана достору тарабынан кабыл алынууда, аларсыз эч нерсе айта албайбыз. Президенттин жаназа зыйнатына катышуусу күтүлбөйт», — деди.

Орусиянын аба транспорту федералдык агенттигинин (Росавиация) 23-августтагы билдирүүсүндө, Тверде Пригожин да ичинде болгон жеке учактын кыйрашынан 10 кишинин каза болгону кабарланган.

Владимир Путин учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз