Пятница, 10 мая

“Барселона” менен Азия легендаларынын беттеши түз эфирде көрсөтүлөт

0

“Барселона” менен Азия легендаларынын футболдук беттеши төрт каналдан, ошондой эле ЭлТР телеканалынын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттеш саат 20:00дө башталат. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, түз эфир саат 19:40тан тарта жүргүзүлөт. Берүүлөр төмөнкү каналдарда көрсөтүлмөкчү:

• ЭлТР: Facebook, YouTube;

• Билим-Илим (ЭлТРдин алдындагы телеканал);

• УТРК Спорт;

• Кыргыз Спорт ТВ.

Оюн 30 мүнөттүк эки таймдан турмакчы.

Эске салсак, «Барселона» клубунун президенти Жоан Лапорта жана каталониялык команданын экс-оюнчулары 28-августта аталган клубдун Жалал-Абаддагы футбол академиясынын ачылышына, ошондой Бишкекте Барселона академиясынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышуу үчүн учуп келишкен. Кыргызстанда футбол академиялары жергиликтүү компания сатып алган франшиза менен ачылууда.

Аталган иш-чаранын алкагында «Барселона» менен Азия легендаларынын жолдоштук беттеши өтөт. Оюнга президент Садыр Жапаров катышып, Азия командасынын курамында ойномокчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз