Пятница, 10 мая

Украинанын чабуулунан Орусияда 4 учак өрттөндү

0

Акыркы суткада Орусиянын ар кайсыл аймагына украиналык Куралдуу күчтөр тарабынан пилотсуз учактар бир нече чабуул жасалды. Бир катарларынын мизи кайтарылып, Псков облусунда Ил-76 аскердик-транспорттук учактар өкттөндү.

«29-августта саат 23.28де Псковдо Ил-76 үлгүсүндөгү аскердик-транспорттук аба кемелеринин күйгөнү тууралуу маалымат түшкөн», — деп айтылган маалыматта.

Муну менен катар Орусиянын Коргоо министрлиги саат таңкы төрттөргө чукул абадан кол салуудан коргогон система Рязань облусунун үстүнөн пилотсуз учакты атып түшүргөндүгүн билдирди. Аталган ведомство мурдараак түнкү саат 2.30дарда да аталган аймактан дрон жок кылынгандыгын кабарлаган.

Москванын мэри Сергей Собянин Борбордук федералдык округда дрондордун массалык чабуулу болуп, алардын бири Подмосковьедеги Руза шаардык округунун үстүнөн жок кылынгандыгын өзүнүн Telegram-каналына жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз