Вторник, 17 сентября

Эскертүү: Бүгүн салыктарды төлөөнүн акыркы күнү

0

Бүгүн, 1-сентябрь, транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыктарды төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул туурасында Салык кызматынан эскертишти.

«Салыктын акчаларын банктардын кассаларына, почта бөлүмдөрүнө, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарга, аны менен катар эле төлөм карталары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот», — деп айтылат маалыматта.

Төлөмдөр же салыктын түрлөрү боюнча кандайдыр бир түшүнүксүз суроолор жаралса же кеңири маалымат алууну кааласаңыз, 116 номерине чалып же www.sti.gov.kg сайтынан табууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз