Суббота, 18 мая

Көк бөрү оюнундагы тополоңго байланыштуу 25 адам кармалды

0

Ош облусунда өткөн көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган деп шектелип 25 жаран кармалды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасооого байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат. Азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми ооруканга 7 жаран кайрылган, анын ичинен 1 кызматкер бар.

Мындан сырткары көк бөрү оюнунда Ош облустук тез жардам кызматынын унаасынын терезелери талкаландыгы боюнча маалымат электрондук журналга катталды дешет милициядан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз