Четверг, 9 мая

Анкарада Кыргызстан кечеси өттү

0

Анкаранын Этимесгут муниципалитети 25-Эл аралык Анадолу күндөрү маданият жана искусство фестивалынын алкагында Кыргызстан кечесин өткөрдү.

Кыргызстан кечеси Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги уюштурган чакан концерттик программа менен өттү.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарымдуу Элчиси Руслан Казакбаев өз сөзүндө Анкаранын Этимесгут муниципалитети Кыргызстандын Нарын шаарына 100 орундуу бала бакча салганын белгилеп, көрсөтүп жаткан кызматтары үчүн Этимесгуттун мэри Энвер Демирелге ыраазычылыгын билдирди жана Түркиядагы ар бир жаран ата мекенине келип көрүшү керектигин айтып аларды Кыргызстанга чакырды.

Кыргызстан уюштурган концертке Кыргызстандан Турдакун Ниязалиев катышып өзүнүн «Улуу Түркия» аттуу чыгармасын аткарды жана ошондой эле Анкарадагы Изги академиясынын чыгармачыл тобу менен Анкарадагы мекендештер өздөрүнүн чыгармаларын аткарышты.

Ал эми Этимесгут муниципалитетинин аянтында Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү жана Түркиянын облустарына арналган бөлмөлөрдө ар бири өзүн ар тараптуу таанытуучу кол өнөрчүлүк буюмдары, картиналар, байрактар жана башка көптөгөн чыгармачылык иштери тартууланып, 10 күн бою ачык турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз