Суббота, 27 апреля

Токтошев: Мадумаровду коркунучтуу кылмышкердей кармашты

0

Адахан Мадумаровду коркунучтуу кылмышкерди кармап кеткендей кылбай, телефон менен чакырса өзү деле бармак. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Анын айтымында, быйыл 22-июнда башкы прокурор Кылмыш-жаза кодексинин 338 -беренеси (кызмат абалынан аша чабуу) боюнча Адахан Мадумаровго карата тергөө иштерин жүргүзүүгө Жогорку Кеңештен уруксат сурап, көпчүлүк добуш менен макулдук алган.

«2-сентябрь күнү сейилдеп жүргөн жеринен Адахан Кимсанбаевичти кармап кетишип, 2 айга камакка алынды. Адахан Кимсанбаевичти коркунучтуу кылмышкерди кармап кеткендей кылбай эле, телефон менен чакырса өзү деле бармак. Ал киши өз мойнуна жоопкерчиликти алып, жооп бергенден эч жакка качмак эмес. Бардык териштирүү иштери мыйзам чегинде болуусу шарт», — дейт депутат.

Сөзүн улай Токтошев коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттик бийликтин бекемделишине сын-пикир чоң жардам берип келгенин билдирди.

«Талаш-тартышсыз чындык да болбойт. Дүйнөдө, геосаясатта жер талашуу, басып алуу, үстөмдүк кылуу, экономикалык жактан алсыратуу сыяктуу өзгөрүүлөр болуп жатканда, мамлекет катары,

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз