Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда унаада жүргүнчү катары бараткан 29 жаштагы Н.С., аттуу жаранга ок атылган. Окуя үстүбүздөгү жылдын 29нан 30-августуна караган түнү болгон. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Н.С., аттуу жаран Daewoo Nexia — 2 үлгүсүндөгү унаада бараткан. Белгисиз жарандар Hyundai Getz унаасы менен келип, бир нече жолу ок атуучу куралдан ок чыгарышкан.
Натыйжада Н.С. денесинен оор жараат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Аталган факты Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттин натыйжасында кылмышка шектүү делип Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.М., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.