Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган бир күндүк иш сапары менен Орусияга барып, Сочиде президент Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуудан кийин эки лидер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.
Жыйында сөз сүйлөгөн Түркиянын президенти Эрдоган: «Күн тартибине киргизилген альтернативалуу сунуштар, Кара деңиз демилгеси сыяктуу улантууга болот турган, коопсуз жана тараптардын кызматташуусуна негизделген туруктуу моделди түзө алган жок. (Кара деңиз дан демилгеси) Кемчиликтерди жоюу менен демилгени улантуу керек деп эсептейбиз», — деди.
Президент Эрдоган: «Аймагыбызда туруктуу тынчтыкты, ырааттуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү орнотуу үчүн күч-аракетибизди улантууга чечкиндүүбүз», — деп айтты.
Президент Эрдоган сөзүндө Орусия-Украина согушуна да токтолуп: «Буга чейин тараптардын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз. Бул темада ар дайымкыдай эле өз салымыбызды кошууга даярбыз», — деди.
Орусиянын президенти Путин да жыйында сүйлөгөн сөзүндө: «Дан коридорун жанданткыбыз келет, аны аткарабыз. Бир шарт менен аткарабыз. Айыл чарба продукцияларыбыздын да деңизге тоскоолдуксуз чыгышын каалайбыз. Батыштык өнөктөштөр бизди алдашты. Убадалар бир канча күндө аткарылса биз бул дан коридорун улантуу үчүн өзүбүздүн аракетибизди жумшайбыз», — деди.
Путин: «Өз ара соодада улуттук валютаны колдонуу боюнча чечкиндүүлүгүбүздү дагы бир жолу ырастадык. Долларды жана еврону азыраак колдонуу темасында бирдей пикирдебиз», — деди.
Орусиянын президенти Путин Түркияда жаратылыш газ борбору долбоору тууралуу: «Газпром БОТАШка өзүнүн жол картасын сунуштады, эми кезекте биргелешкен жумушчу топту түзүү бар», — деп айтты.