Пятница, 3 мая

Депутат Конституциялык соттун «матчество» боюнча чечимине нааразычылык билдирди

0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Конституциялык соттун матчествого байланыштуу чечимине нааразы болду. Ал кыргыз элин чоң-чоң өлкөлөр мурдатан эле жок кылууга аракет кылышканын, азыр да улантып жатышканын айтат.

«Бирок биз кыргыз эли үрп-адатыбыз, наркыбыз, салтыбыз, улуттук оюндарыбыз, жети атабызды билгенибиз менен өсүп, өнүгүп келе жатабыз. Биз каникулда жүргөн кезде матчество боюнча чечим чыгарышыптыр. Бул өтө туура эмес. Биздин улутубуздун, мамлекетибиздин келечеги үчүн туура эмес маселе», — деди эл өкүлү.

 Андыктан депутат бул маселени парламеттин жыйынында кароону сунуштады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз