Вторник, 30 апреля

Кожокулова: Мадумаровдун 13 жаштагы уулун ИИМдин Тергөө кызматында 3 саат кармап отурушкан

0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 13 жаштагы уулу менен бирге Ички иштер министрлигинин атайын отрядынын кызматкерлери тарабынан одоно мыйзам бузуулар менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда депутат Гуля Кожокулова билдирди.

Анын айтымында, Мадумаров 13 жаштагы баласы менен сейилдеп жүргөндө ИИМдин атайын багыттагы бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кеткен.

«Атайын багыттагы кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо жүргүзүп жатканда да үй-бүлө мүчөлөрүн кармабайт. Балдарына да, аялына да тийбейт. Мадумаров 13 жаштагы баласы менен көчөгө чыкканда, аларды атайын багыттагы кызматкерлер кармап, алып кетишкен. Баланы «кармалган адам»(задержанный) катары ИИМдин Тергөө кызматында 3 саат кармап отурушкан. Бул туура көрүнүшпү?! Бул кыжырды келтире турган факт», — дейт ал.

Ошондой эле, Гуля Кожокулова «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракция бойдон каларын кошумчалап, мыйзамдардын аткарылышын, элге татыктуу мамиле жасалышын талап кылышарын белгиледи.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз