Четверг, 9 мая

Кыргызстанда паранжага тыюу салуу сунушталды

0

Кыргызстанда коомдук жайларда бетти толугу менен жапкан баш кийим кийүүгө тыюу салууну сунуштап жатышат. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.

Депутаттын айтымында, акыркы убакта көздөрүн гана көрсөтүп, паранжа жамынгандар көбөйдү.

«Кечээ жакында Өзбекстандын мажилиси паранжага тыюу салган мыйзам кабыл алды. Бул мыйзам бизге дагы керек. Себеби коопсуздукка залакасын тийгизиши мүмкүн», — деди эл өкүлү.

Ал Дин башкармалыгы көзөмөлгө алып, мамлекет тарабынан чара көрүлүшү керектигин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз