Воскресенье, 28 апреля

Илимпоздор: Быйылкы жай өзгөчө ысык болду

0

Быйылкы жылдын түндүк жарым шардагы жай мезгили эң ысык жай катары катталды.

Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланган Copernicus Климаттын өзгөрүшү кызматынын маалыматына ылайык, абанын орточо температурасы 2023-жылдын июнь, июль жана август айларында дүйнө боюнча эң жогорку деңгээлге жетти.

2023-жылдын жайында абанын температурасы орточо көрсөткүчтөн 0,66 градуска жогорулап 16,77 градусту түздү.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 8 айындагы өлчөөлөр менен да 2023-жыл ушул убакка чейинки эң ысык жыл болду.

2023-жылы орточо температура 2016-жылга салыштырмалуу болгону 0,01 градуска төмөн бойдон калды.

Түндүк Атлантика жана деңиздердин жалпысында да деңиз бетинин жылуулугу өлчөндү.

Европада жай айларында деңиздерде ысык толкундар болду.

Июнь айында Ирландия менен Улуу Британияда, июль жана августта болсо Жер Ортолук деңизде ысык толкундар катталды.

Быйылкы жайда Түркия жана Батыш Европада да жаан-чачын орточодон жогору болду. Бул аймактарда жаан-чачындын рекорддору жаңырса, Түндүк Американын түндүк-чыгышында, Азиянын айрым бөлүктөрүндө, Чилиде, Бразилияда жана Австралиянын түндүк-батышында да сел жүрдү.

Ал эми июнь, июль жана август айлары Исландияда, Альп тоолорунда, Скандинавиянын түндүгүндө, Борбордук Европада, Азиянын көп бөлүгүндө, Канадада, Түндүк Американын түштүгүндө жана Түштүк Американын дээрлик бардык аймактарында кургакчыл болду. Ушул себептен көп жерлерде токой өрттөрү чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз