Воскресенье, 5 мая

Транспорт салыгын төлөдүңүзбү? Бишкекте рейд жүрүүдө

0

Бишкектин Свердлов районунда транспорт салыгын төлөөдөн качкандарды аныктоо боюнча рейддер башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө 38 унаа токтотулуп, айып салуу үчүн 5 акт түзүлдү.

Эскерте кетсек, транспорт каражаттарына салык төлөөдөн качкан жеке жактар үчүн — 1000 сом, юридикалык жактар үчүн — 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрында аяктаган.

Транспорт салыгын төлөөдөн качкардарды аныктоо боюнча рейдке муниципалдык администрация, Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз