Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасына кат жолдоп, анда “cаясатчы Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганы” тууралуу жаңылыкты сайтынан алып салууну талап кылды.
Министрликтин маалымат саясаты башкармалыгынын жетекчиси Салкын Сарногоева УКМК министрликке эки маалыматты алып салуу боюнча кайрылуу келип түшкөнүн, анын бири четке кагылгандыгын айтты.
«Экинчи арыз ЖКнын экс-депутаты Равшан Жээнбеков кыйноого кабылды деген кабарга байланыштуу. УКМКдан мындай туура эмес маалымат ведомствонун беделин түшүрүп, иш репутациясына шек келтирет дешти. Арыз бизге келди, кабарды өчүрүү боюнча чечим кабыл алынды. Санариптик өнүктүрүү министрлигине маалыматты өчүрүүгө эки күн бергенибизди маалымдап, кат жөнөттүк. Эгерде Kloop талапты аткарбаса, анда жакынкы арада сайтты эки айга чектөө боюнча чечим кабыл алынат. Агенттикке бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдириши керек», — деген Сарногоева.
Министрлик бул үчүн эки күндүк убакыт берилгенин, эгер алардын талабы орундалбаса “Клооптун” сайты бөгөттөлөрүн эскерткен. Бирок эскертүү берилгенден бери 3 күндөн ашты.