Түндө, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү Мароккодо жер титиреди. Жер титирөөнүн күчү 7 баллга жетти. Расмий билдирүүдө Атлас Тоолору аймагындагы зилзалада 296 киши каза болуп, 153 киши жаракат алды. Көптөгөн имараттар урап, астындагы кишилерди куткаруу иш-чаралары уланууда.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги, жер титирөөнүн тоолуу аймакта болгонун жана ал аймактарга барууга азырынча кыйын болуп жатканын айтты. Министрлик каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти.