Воскресенье, 19 мая

Бишкектеги шайлоо. Айрым талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

0

Бишкекте №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо аяктады.

Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган. Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 20 миң 169 адам катышкан (15,85%). Шайлоодо жалпы 24 талапкер депутаттыкка ат салышты.

Автоматташтырылган башкаруу системасынын жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган талапкерлер:
• Кубанычбек Самаков — 5 273 (26,14%);
• Русланбек Тагаев — 3 831 (18,99%);
• Аскар Алмаз уулу — 2 630 (13,04%).

Бирок шайлоого катышкан талапкерлердин бири Ыргал Кадыралиева, шайлоо таза өтпөгөнүн айтып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы, азырынча талапкердин айткандарына жооп бере элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз