Энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрда электр энергиясын пайдаланууга киргизилген 5 кВт/саат чектөөгө түшүндүрмө берип, мындай норма мурдатан эле бар экенин билдирди. Министр бул чек электр көп колдонулган кечки сааттарда гана маанилүү экенин, андан башка маалда катардагы керектөөчү мынчалык ток колдонбой турганын тактады.
“5 кВт/саат деп айтса эле айрымдар муну чектөө деп ойлоп жатат. Азыр бизде эч ким 10 кВт/саатка чейин электр энергиясын колдонбойт. Биздеги бир фазалуу линиялардын баары 5 кВт/саатка гана ылайыкташкан, андан көбүрөөк ашып кетсе, ток сайган жерлердин баары өрттөнүп кетет. Союз убагында саатына 3 кВт/саат болчу, бүгүнкү күндө 5 кВт/саатка чейин берилип жатат. Ал эми үч фазалуу линиясы барлар мындан ашыкча алуу үчүн келишим түзүп, техникалык уруксат алышкан. Аларга эч ким чек коё албайт, бирок биз баарыбир энергия көп колдонулган кечки сааттарда аларды да колдонууну азайтып туруусун суранабыз. Болгону керектөө жогору болгон сааттарда алар да көп колдонсо, көмөкчордондор аварияга кабылат. Бирок бул чектөө эмес, чектөө болбойт. Кайсы бир көмөкчордонго күч келип калса, аны башка фидерге которобуз. Ошол маалда 1,-1,5 саат электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Бул жөн гана жөнгө салуучу гана чара. Былтыр да колдонгонбуз, аны жашырбайбыз. Мындай кылбасак, ошол көчөдөгу трансформаторлор бүт өчөт. Аны кайра кошууга үч-төрт күн керек болуп калат”, – деди министр Таалайбек Ибраев.