Вторник, 7 мая

Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасы келди

0

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргызстандагы БДСУ, ЮНИСЕФ жана УКАК өкүлдөрү катышты.

Кызылча-кызамык вакцинасы (ККВ) – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр — инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, ал 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет.

Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделмекчи. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз