Воскресенье, 19 мая

Чек арачыларга батирлердин ачкычы тапшырылды

0

Бүгүн республикалык бюджеттин эсебинен Новопокровка айылында курулган батирлердин ачкычтары 36 аскер үй бүлөсүнө тапшырылды. 

Иш-чарада сөз сүйлөгөн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Көптөн күткөн жаңы батирлердин ачкычтарын 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрү алышты.

Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган.

Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 м2 түзөт.

Үй жеке долбоор менен курулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз