Суббота, 4 мая

Жапаров Душанбеге иш сапар менен барат

0

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анда Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышат. Сапардын алкагында Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз