Пятница, 3 мая

Депутаттар 3 министрди кызматка дайындоого макулдук берди

0

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, алардын талапкерлиги жактырылды.

Эл өкүлдөрү талапкерлерге бир катар суроолорду берип, сунуш айтышты. Төрага Нурлан Шакиев кызматына экинчи ирет дайындалып жаткан Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылып, мүнөзү катаал экенин белгиледи. Анын айтымында, учурда аталган тармактагы бир топ адистер жаңы келе турган министр өч алышы мүмкүндүгүн айтып кооптонуп жатышат. Спикер Бейшеналиевден айкөл болууну өтүндү.

Мындан тышкары, Шакиев Кутнаеванын мамлекеттик тил болгон кыргыз тилин үйрөнүүгө басым жасашы керектигин айтты. Ал эми Баатырова буга чейин жакшы иштеп келгенин, мындан аркы жумушу да ийгиликтүү болоруна ишеним артты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз