Пятница, 3 мая

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сурады.

«Эл шайлаган депутаттардын макамына, Жогорку Кеңештин конституциялык укуктарына жана милдеттерине шек келтиргенге укугум да ниетим да жок болгон. Саясатта, коомдук турмушта басып өткөн жолумда дайыма элдик бийлик, демократия, ачык талкууну колдоп келгем. Ошондуктан эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтканым үчүн расмий түрдө кечирим сурайм. Баарыбыз биргеликте президенттин саясатын колдоп, бийлик бутактары конструктивдүү иш алып барабыз деп ишенем», — деди Эдил Байсалов.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш июнь айында Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү тууралуу токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу анын отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз