Суббота, 18 мая

1-октябрдан тарта пенсия жогорулатылат

0

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, 30 миң сомго чейинки пенсиянын индексациялоо коэффициенти 1,38 өлчөмүндө белгиленди. Тактап айтканда, 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38 пайызды түзөт. Ошондо 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт.

Мындай пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1 692 сомго көп.

Жогорулатуунун так суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот.

Пенсия республикалык бюджеттен эмес, Социалдык фонддун каражатынын эсебинен жогорулатылат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз