Четверг, 19 сентября

Сот Мадумаровду камакта калтырды

0

Бишкек шаардык соту депутат Адахан Мадумаровду 24-октябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунда саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын даттануу арызы каралды. Жыйынтыгында шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эске сала кетсек, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекетке чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагылган. Сот депутатты эки айга камакта калтырды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз