Суббота, 27 июля

Украинанын армиясы Андрийвка айылын кайра алды

0

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Донецк облусунун Бахмут багытындагы Андрийвка айылын бошоткондугун билдирди.

Маляр социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө украин аскерлеринин Бахмут багытында илгерилеп баратканын белгиледи.

Орус армиясынын Бахмуттун түндүк капталында жоготкон позицияларын кайтарып алууга аракет кылганына көңүл бурган Маляр, украин аскерлеринин шаардын түштүк капталында да ийгиликтүү жылып жатканын белгиледи.

Маляр негизги кагылышуулар Андрийвка, Курдюмовка жана Клишиевка аймактарында уланып жатканын билдирип: «Ал жакта жакшы кабарыбыз бар. Андрийвка биздики. Биз кайтарып алган позицияларыбызды бекемдеп жатабыз»,-деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз