Суббота, 18 мая

Садыр Жапаровдун Душанбеге болгон иш сапары аяктады

0

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга өлкөнүн президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен  болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлошүүлөрдү  өткөрүп, анда тараптар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Андан соң мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты.

Бешинчи Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан башка төмөнкүлөргө кол коюлду:

– Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы жаштар саясатынын жалпы багыттары жөнүндө макулдашуу;

– Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланышын чыңдоо жөнүндө макулдашуу.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 14-сентябрь күнү кечинде Бишкек шаарына кайтып келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз