Суббота, 4 мая

Унааларды башаламан токтотуу маселелерин чечүү каралууда

0

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында райондук администрациянын, шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери унаа тыгыны байкалган шаардагы көчөлөр текшеришти. Бул туурасында мэриянын маалыматында айтылат.

Комиссиялык көчмө жыйындын алкагында транспорт каражаттарын башаламан токтотуу маселелерин чечүү максатында Бөкөнбаев, Москва, Логвиненко, Панфилов, Шопоков, Тыныстанов, Ибраимов, Токтогул көчөлөрүнө тиешелүү 3.27 «токтотууга тыюу салынган» жол белгилерин орнотуу, ошондой эле жогоруда аталган көчөлөргө параллелдүү токтоонун тиешелүү белгилерин орнотуу боюнча тапшырмалар берилди.

ЦУМдун айланасындагы кырдаал өзүнчө каралды. Ал жерге да аталган жол белгилерин орнотуу мерчемделип жатат, бирок бул тыюу муниципалдык унаа токтотуучу жайга тиешеси болор-болбосу айтылган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз