Воскресенье, 8 сентября

Кыргызстанда өнөктөштүк төрөткө тыюу салынды

0

Кыргызстанда өнөктөштүк төрөткө, тагыраагы, толгоо тартып жаткан аялдын жанына жакындарын киргизүүгө тыюу салынды. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.

Депутат Надира Нарматова төрөт учурунда күйөөсүн киргизип койгондуктан кыйналган аялдар көп болуп жатканын айтып, аны жокко чыгарууга чакырган.

«Төрөп жаткан аялдын үстүнө эркекти киргизбеш керек да. Азыр күйөөсүн киргизип коёсуңар. Мындай протоколду жокко чыгарып, тыюу салыш керек. Бул мусулманчылыкка да, христиан динине да туура келбейт. Эркек кишилердин баарын сыртка чыгарып туруп, анан аялды төрөтөт да. Ошонун айынан кесарево жасаткандар, кыйналгандар көп болуп жатат. Бул сөздү айтыш уят эмес, төрөтү туура эмес болуп калууда», — деди депутат Нарматова.

Ал эми министр Бейшеналиев мындай протокол жокко чыгарылганын билдирип, мурдагыдай системага келдик деди.

«Муну өнөктөштүк төрөт деп коёт, биз аны жокко чыгардык. Учурда сиз айткандай күйөөсү да, башка бирөө да, эч ким кирбейт. Мурдагыдай системага келдик», — деди министр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз