Жылуулук жана ысык сууга болгон тарифти көтөрүү сунушталууда

0

Бишкекте ысык суу менен жылуулукка болгон тарифтерди «Бишкек жылуулук тармагы» ААКнын ишкерлик менен алектенген абоненттери үчүн өздүк баасына жеткирүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

«Бишкек жылуулук тармагынын» жөнөкөй абоненттери үчүн тарифтер ошол бойдон эле калат. Буга чейин кабыл алынган токтомго ылайык, бул категориядагы керектөөчүлөр үчүн тарифтер жыл сайын 10 пайызга жогорулап турат. Мисалы, 2024-жылы бишкектиктер жылуулуктун бир гигакалориясы үчүн 1 373 сом (азыр 1 248), ысык суу үчүн 1 277 сом (азыр 1 120) төлөшөт.

Мындан ары Энергетика министрлиги бюджеттик уюмдар, өнөр жай ишканалары сыяктуу абоненттерге тарифтерди жаңы система менен эсептөөнү пландап жатат. Ага ылайык, мурдагыдай «өткөн жылдын тарифи + инфляция» схемасы менен эмес, жылуулуктун өздүк баасы чыгарылып эсептелет. Аталган категориядагы абоненттер үчүн учурдагы тариф бир гигакалория үчүн 2 052 сом деп белгиленген. Өздүк баасына теңегенде 925 сомго кымбаттап, 2 977,2 сомду түзөт.

Мындай жол менен энергетиктер сектордун финансылык абалын жакшыртып, өзүн-өзү актагыдай кылганы жатат.

Токтом үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз