Суббота, 23 ноября

Кыргыз чегарачылары өзбек жаранын атты

0

Бүгүн, 31-майда Ош облусунун Араван районундагы Тогуз-Булак айылында жакын жердеги кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча кыргыз чек арачылары чек арага жакын жерде Өзбекстанга таандык автоунааны токтотушкан. Чек арачылардын талабына баш ийбей, автоунаа жүрүүсүн уланта берген. Мындан улам, Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан. Ага да карабастан автоунаа кыймылын уланта бергендиктен чек арачылар токтотуу максатында автоунаанын дөңгөлөктөрүнө атышкан. Натыйжада Өзбекстандын бир жараны жаракат алып, Өзбекстандын Мархамат ооруканасына жеткирилген.

Бул окуядан кийин КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Өзбекстандык  кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Анын жүрүшүндө Чек ара кызматынын башчылары окуя болгон аймакка эки тараптуу иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн чек ара өкүлдөрүн жиберүү чечимин кабыл алышты. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн бүгүн эле Мамлекеттик Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча өкүлү менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин Булак-Башы аймагы боюнча өкүлүнүн жолугушуусу өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз