Баткен облусундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн айдоо жерлерде авиабомбалар табылууда. Өткөн жылы бул аймактагы 200 гектардай жерден 30 даана табылса, быйыл 87 гектар тазаланып, андан табылган 5 даанасы атайын жардыруу жолу менен жок кылынды.
Алар “Фап- 50” үлгүсүндөгү жардыруучу заттары болгон. Булар тууралуу № 026 26 Аскер бөлүгүнүн инженердик кызматынын башчысы Русланбек Улукахунов билдирди.
Буга чейин жашоочулар эгин айдап, үйдүн жерпайын казып жатканда ушундай бомбалардын калдыктары чыгып келген. Алардын калдыктары жашоочуларды дайыма тынчсыздандырчу. Авиа бомбалар кантип бул жакка түшүп калганын Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчыбай Төралиев түшүндүрүп берди.
“Бул – Бүргөндү өрөөнү, 1973-жылдары өздөштүрүлгөн. Ага чейин жөн эле талаа болчу. Ошондуктан бул аймак 1951-жылдары аскердик машыгуу талаасы катары пайдаланылган. Анда учактар учуп, бомбаларды таштап, машыгуу өткөрүшкөн. Алардын көбү жарылган. Бирок, жарылбай калгандары да болгондуктан, азыр табылып жатат”,-дейт Төралиев.
1943-жылдан 1973-жылга чейин аталган аймак авиа бомбаларды сыноо, аларды таштап машыгуу талаасы болгон.