Воскресенье, 5 мая

Бишкекте жаңы жолдун курулушу башталды

0

Бишкек шаарында жол тыгынын жоюу үчүн жаңы жолдун курулушу башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Элебесов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чыгуучу Арал тилкесинде капиталдык оңдоо иштери башталды. Оңдоодон соң, узундугу 1500 метр, туурасы 6 метрди түзгөн, аталган тилке Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде альтернативдүү жол болмокчу.

«Бүгүнкү күндө Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки жол жарым-жартылай асфальтталды. 2 катмар асфальтбетон аралашмасын төшөп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жакында Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки тротуарды капиталдык оңдоо иштери башталат.

Буга чейин бул аймакка 3 дренаждык түтүк орнотулган. Курулуш иштеринен тышкары кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор, кампалар алынды», — деп кошумчалашты мэриядан.

Белгиленгендей, жол оңдоо иштерин 10-октябрга чейин бүткөрүү пландалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз