Пятница, 18 октября

Бутунан ажыраган чек арачыга Бишкектен батир берилди

0

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тараптын кол салуусунан жарадар болгон чек арачы Дастан Шариповго Бишкектен үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Мындан сырткары, ал согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирип, чек арачынын эрдиги өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Ошондой эле УКМК башчысы согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Дастан Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан айрылган, ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесинен темирдин майда сыныктары алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз