Суббота, 4 мая

Төө-Ашууга кар жаады

0

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу Төө-Ашууда жаан каарга айланып, каар жап баштады. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облусу боюнча жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктан Бишкек-Ош жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унаанын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга, унаалар ортосундагы белгиленген аралыкты сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен карды тазалоо иштери Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 0-26-чакырым аралыгында жүрүп жатканын маалымдашты.

Азыркы учурда унаа кыймылына чектөөлөр жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз