Суббота, 4 мая

Кыргызстан жана Түркиянын президенттери жолугушту

0

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесине токтолушту, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүн камтыган учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашат жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен иш-аракеттерди белгилешет.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча байланыштарды тереңдетүү үчүн жогорку саясий деңгээлдеги активдүү диалогду улантууга макулдашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз