Түркияда тик учак кырсыгынан каза тапкан эки жарандын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“2023-жылдын 20-сентябрында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап,, Тахтали дамбасына кулап түшкөн.