Эртең, 21-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бейшембиде саат 9:00дөн 15:00гө чейин Ч.Айтматов проспектиси, 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6, Тыналиев көчөсү, 139/3, Т.Океев көчөсү ,39/3, 39/4 даректеринде суу болбойт.
Суу аэропорт суу топтомо жайында жана шаардык суу түтүгү тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат