Воскресенье, 5 мая

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

0

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Кыргыз балбаны чемпионаттын финалында япониялык спортчу Юка Кагами менен кез келип, 8:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Алган жаракатынан улам кыргыз спортчусу беттешти аягына чейин уланта алган жок.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында Медет кызы 76 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалынан тарта катышты.

19-сентябрда кыргыз спортчусу 4 атаандашын тең жеңип, финалга чыккан.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, алгачкылардан болуп 2024-жылы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына лицензия утту. Ошондой эле дагы бир кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова дагы финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз