Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Муну менен ал 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына жолдомо алды.
Тыныбекова жарым финалда германиялык Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде утту. Кыргызстандык балбан алтын үчүн күрөшөт.
Буга чейин Париж олимпиадасында алгачкы жолдомону Айпери Медет кызы утуп алган.