Пятница, 3 мая

Мектепте акча чогултууларга айып пул салуу мыйзамы сунушталууда

0

Мектептерде окуучулардан мыйзамсыз акча чогулткандарга айып пул салуу мыйзам долбоору сунушталды.

Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Бул документ президенттин мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыгына ылайык иштелип чыкканы белгиленди.

«Мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга жана мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүүнү болтурбоого багытталган», — деп жазылган баяндамада.

Мындан улам мектепте каражат чогулткан жеке жактарга 7500 сом, коомдук фонддорду түзүү жолу менен жыйнаган жеке жактарга 10 миң, юридикалык тараптарга 28 миң сом айып пул салуу сунушталды.

Муну көзөмөлдөө укугу Ички иштер министрлигине берилет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз