Пятница, 17 мая

Баткенде азык-түлүктөрдү бекер бере турган дүкөн ачылды

0

Баткен шаарында чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештердин демилгеси менен «Элден элге жардам» кайрымдуулук дүкөнү ишке кирди.

Социалдык дүкөн Россия менен АКШда иштеген кыргызстандыктардын колдоосу менен иштеп жатат. Мекендештер атайын эсепке ай сайын акча которуп турушат.

Азык-түлүк жергиликтүү бийлик тарабынан берилген тизмедеги жардамга муктаж болгон адамдарга акысыз берилет.

Самат Сыдыков көчөсүндөгү дүкөн дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз