Вторник, 22 октября

ГКНБ: Окуу жайлардын жетекчилери гранттык орундарды саткан (Фото)

0

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында коррупциялык схема аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, республиканын мамлекеттик университеттериндеги коррупцияны аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери тарабынан уюштурулган, Кытайдагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн, студенттерден 900доллар өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн «И.Б.М.» жана «А.С.Х.» аттуу жарандар кармалып, өз кезегинде «Б.Р.С.» аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз