Пятница, 17 мая

Кыргызстандык балбандар Бишкекке кайтып келди

0

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль алган кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков баштаган балбандар Бишкекке кайтып келди. Спортчулар менен кошо машыктыруучулары да мекенге кайтты.

Алар отурган учак 26-сентябрдын таңында «Манас» эл аралык аба майданына конду.

Чемпиондорду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, күрөш федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Кыргызстандык балбандар учурда өз салмак категорияларында лидер.

Соңку эсеп менен алганда Кыргызстандын курама командасы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында медалдар боюнча эсепте 3-орунду ээледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз